Спорт
Кыргыз футболдук союзу 10 миң ПЦР-тестти министрликке өткөрүп берди
Элита плюс
Ноябрь 19, 2020 г.
Кыргыз футболдук союзу 10 миң ПЦР-тестти министрликке өткөрүп берди
© Элита плюс

Өлкөдөгү COVID-19 пандемиясына каршы чогуу күрөшүү үчүн Кыргыз футболдук союзу (КФС) лаборатордук диагностикаларды өткөрүү үчүн 10 миң ПЦР-тесттерди Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине берди.

Кыргыз футболдук союзу аталган ПЦР-тесттерди Бириккен Араб Эмирликтеринин Футбол ассоциациясы менен болгон кызматташуунун негизинде алган. Тесттер Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган расмий тизмеге кирет. Аталган медициналык тесттерди башкы кеңсеси Гонконг шаарында жайгашкан эл аралык BGI компаниясы тарабынан чыгарылат.

Өз кезегинде, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Ата-мекендик футболчуларды жана Кыргыз футболдук союзунун өкүлдөрүн керектүү учурда, чет өлкөгө чыгып жатканда тесттен өткөрүүгө көмөктөшөт.

Кыргыз футболдук союзу вируска каршы күрөшүүдө ар бир жарандын өмүрү үчүн күрөшкөн дарыгерлердин эмгегин баалайт.