Спорт
Кыргыз балбаны эл аралык мелдеште алтын медаль утту
Элита плюс
Февраль 19, 2022 г.
Кыргыз балбаны эл аралык мелдеште алтын медаль утту
© Элита плюс

Кыргыз балбаны Балбай Дордоков Болгарияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль утту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Болгарияда Dan Kolov - Nikola Petrov аталышындагы грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өтүүдө. Ал Велико-Тырново шаарында 17-февралда башталган. Анын алкагында 55 килограмм салмак ченинде килем үстүнө чыккан Балбай Дордоков финалдык кармашта румыниялык Флорин Михайды утуп, алтын медалга ээ болду.

Дагы бир кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков 63 килограмм салмак ченинде коло медаль утту.

Бул мелдеште башка кыргыз балбандары катышууда: 60 килограмм салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков жана Нурмухаммет Абдулаев, 67 килограмм салмак ченинде Марлен Асикеев, Элдияр Сатаров жана 77 килограмм салмак ченинде Акжол Махмудов менен Акылбек Талантбеков.