Коом
Кылмыш иштерге аралашкан спортчуларга Камчыбек Ташиев кайрылды
Элита плюс
Декабрь 24, 2020 г.
Кылмыш иштерге аралашкан спортчуларга Камчыбек Ташиев кайрылды
© Элита плюс

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында спортчуларга кайрылуу жасады.

"Буга чейин биздин бандиттер өтө бай жашап келишкен. Алар кымбат үйлөрдө жашап кымбат унааларды айдашчу. Эми алар андай жашабайт. Себеби биз алар менен катуу күрөштү баштадык. Эми алар мыйзам чегинде жооп беришет.

Бизде бандиттер мурдагыдай бай жашабайт. Мен дагы кайталайм. Алар эми мурдагыдай жашабайт. Азыр, эми алар кылган иштерине карата жооп берет. Акыркы убактарда спортчуларыбыз аралашкан көп кылмыш иштери болуп жатат. Мен спортчуларыбызга кайрылат элем. Силер мекендин сыймыгысыңар. Силер каяктагы крим дүйнөгө аралашпаңыздар. Күчүңөрдү мекен үчүн жумшагыла.

Мен сөз берем биз кылмыш дүйнөсүндөгү адамдар менен күрөшүп, баарын тазалайбыз",- деди Ташиев.