"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Шоу дүйнө
Кыл кыякчы Залина Касымова Куралдуу күчтөрдун кызматкерлери менен Баткенге бара жатып жол кырсыкка кабылды
Элита плюс
Март 30, 2021 г.
Кыл кыякчы  Залина Касымова Куралдуу күчтөрдун кызматкерлери менен Баткенге бара жатып  жол кырсыкка кабылды
© Элита плюс

Куралдуу күчтөрдүн Баткенге бара жатып кырсыкка учураган КамАЗында белгилүү кыл кыякчы Залина Касымова дагы болгон.  Бул тууралуу Super.kg жазып чыкты. 

Ага байланышканыбызда, акыреги сынып, учурда ооруканада жаткандыгын билдирди.

"Жол тайгак болгон үчүн унаа ала салып кетти. Кырсыктан акырегим сынып, баш мээм чайкалыптыр. Учурда Бишкектеги №4 шаардык ооруканада жатам. Операция болот же болбойт деп айтыша элек, текшерилип жатам. КамАЗда 16-17 киши бар болчу. Окуя болгон соң бир кыз экөөбүз жолдон эле унаа тосуп шаарга келе бердик. "Тез жардамды" күткөн жокпуз. Себеби колумдун оорутканы чыдатпай жатты", - дейт Касымова.

Эске салсак, кечээ, 29-мартта Баткенге концерт койгону бара жаткан Куралдуу күчтөрдүн унаасы кырсыкка учурап, бир ырчы айым каза болуп, бир нече адам жаракат алгандыгы кабарланган.

Булак: Super.kg