Коом
Кычкылтек концентраторлор келди
Элита плюс
Июль 16, 2020 г.
Кычкылтек концентраторлор келди
© Элита плюс

Өкмөт сатып алган мобилдик кычкылтек концентраторлорунун кезектеги партиясы Кытай Эл Республикасынан чартердик каттам аркылуу 200 даана көлөмдө алып келинди. Белгилесек, үстүбүздөгү жылдын июль айынан тарта өлкөгө республикалык бюджеттин каражатына сатылып алынган 1 миңден ашуун мобилдик концентраторлор алынып келинген. Ошондой эле гуманитардык көмөк көрсөтүү линиясы боюнча да концентраторлор келүүдө. Өлкөгө алынып келинген кычкылтек концентраторлору, муктаждыкка жараша, республиканын саламаттык сактоо уюмдары арасында таркатылып берилет. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин ооруканаларында 700гө жакыны кызмат көрсөтүп келген. Ошондой эле жеке ишкерлер, жарандар алып берген, гуманитардык жардам катарында келгендер бар. Муну менен өлкөдө кычкылтек концентраторунун маселеси чечилгенин белгилеген.