Коом
Кувейттен Бишкекке 102 кыргызстандык жаран алынып келди
Элита плюс
Июнь 30, 2020 г.
Кувейттен Бишкекке 102 кыргызстандык жаран алынып келди
© Элита плюс

30-июнда Кувейттен Бишкекке 102 кыргызстандык жаран алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Кыргызстандык жарандар «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келди. Бул каттам дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн жарандарды кайтаруу боюнча президент жана өкмөт тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында ишке ашырылды. Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды. "Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда", - деп билдиришти министрликтен.