Маданият
Курсант АБДРАХМАНОВ, К.Жантөшов атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драм театрынын директору: “Ар бирибиз атуулдук милдетти так аткарсак өлкөбүз оңолот”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Курсант АБДРАХМАНОВ, К.Жантөшов атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драм театрынын директору: “Ар бирибиз атуулдук милдетти так аткарсак өлкөбүз оңолот”
© Элита плюс
Курсант АБДРАХМАНОВ, К.Жантөшов атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драм театрынын директору: “Ар бирибиз атуулдук милдетти так аткарсак өлкөбүз оңолот”
© Элита плюс
Курсант АБДРАХМАНОВ, К.Жантөшов атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драм театрынын директору: “Ар бирибиз атуулдук милдетти так аткарсак өлкөбүз оңолот”
© Элита плюс
Курсант АБДРАХМАНОВ, К.Жантөшов атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драм театрынын директору: “Ар бирибиз атуулдук милдетти так аткарсак өлкөбүз оңолот”
© Элита плюс
Курсант АБДРАХМАНОВ, К.Жантөшов атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драм театрынын директору: “Ар бирибиз атуулдук милдетти так аткарсак өлкөбүз оңолот”
© Элита плюс

Иш билги, билимдүү жана эмгек жамаатына тегиз караган жетекчи кандай жакшы. Жетекчилик кызматты эле карап олтура бербестен, уюштуруучулук касиетке да ээ болгон инсан Курсант Барктабасович менен кызыктуу баарлаштык.

“Милдетибиз - шаардык, облустук маданий иш-чараларга активдүү катышуу”

  • 1992-жылы Ленинграддагы Черкасов атындагы театралдык окуу жайды аяктагам. Ошондон тарта театрда актерлук кесипти аркалап келип, 2010-жылы аталган театрга жетекчи болгом. Биздин театрда 142 кызматкер эмгектенет. Башка театрлардан өзгөчөлүгүбүз сахнага керектүү кийимдер өзүбүздүн тигүү цехибизден тигилет. Сахна жасалгалоо боюнча декорациялар, бутофория театр ичине камтылган. Ал эми күчүбүз жетпеген көлөмдүү көшөгөлөрдү атайын буйрутма менен тиктиребиз. Жылда жылдын башында көркөм кеңеш болуп, мынча спектакль балдарга арналса, калганы элдин талабына жооп береби деп талдап, талкуулап, бир жылдык иш планды бекитип, ага жараша иш кылабыз. Башкы милдетибиз – шаардык, облустук маданий иш-чараларга активдүү катышуу. Коллективде 4 Эл артисти, 6-7 Эмгек сиңирген артисттер бар. Калгандары 25-30 жылдык эмгегин театрга арнаган таланттуу инсандар. Аймактык театрлардан кесиптештерибиздин көпчүлүгү атайын театралдык билим алышканы менен айрымаланабыз. Учурдагы негизги көйгөй - жаш кадрлардан өзгөчө эркек балдарды топтоо. Шартыбыз, иш орундарыбыз болгон менен эркек балдарды кызыктырып, театр өнөрүнө тарттуу кыйын болууда. Бул да болсо замандын талабына жараша болуп жаткандай. Техниканын, интернеттин күчтүүлүгүнөн жаштарыбыз банк, ички иштер кызматтарына кетишүүдө. Себеби, жаштар маянасы көп жумушту каалашат. Ысык-Көлдөн таланттуу балдар көп чыгат. Кээ бирин атайын жолдомо менен окутабыз. Бирок, шаарга көнө калган жаштар кайра айылга тартылбай калууда. Жылда Бишкекке барып бир жылдык декадаларды тартуулап, фестивалдарга катышып турабыз. Июнь айында казак ССРинин Эл артисти Асанали Ашимовдун 70 жылдыгына арналган бүткүл дүйнөлүк фестивалга биздин театр барып катышып, жакшы жыйынтык менен кайтты. Чыгармачылыкта өксүү жок. Артист, режиссерлорубуз өз кызыгуулары менен иштешүүдө. Чыгармачылык дараметибизди даңазалап фестивалдарда ат салышып келебиз.

“Заманбап жарык берүү системасы жана унаалар менен камсыз болсок дейбиз”

-Имаратыбыз 1982-жылы салынгандыктан, материалдык - техникалык базабыз жыл сайын эскирип бара жатат. Кулап, иштен чыгып кала электе бир ирет жаңыртып алсак дейбиз. 2015-жылы президент Атамбаев Алмаз Шаршенович Ысык-Көлдү кыдырып келгенде жылытуу боюнча маселебизди угуп, 3 млн. сом бөлүп, көйгөйдү чечип берген. Экинчи көйгөй-бул жарык берүү системасы. Азыр ал техникалык талапка жооп бербейт. Биз колдонуп жаткан лампочка, прожекторлор илгери Ленинграддан алынып келинген. Жаңырталы десек тилекке каршы учурда андайлар жок. Башка системага өтүү үчүн бир топ чыгым болобуз. Сметалык баасы менен эсептегенде 1 млн. 600 миң сом сарпталат. Канчалаган демөөрчүлөргө кайрылып жооп ала албадым. Бишкектеги Т.Абдымомунов атындагы академиялык драм теардын жарык берүү системасын Түштүк Кореялык компания камсыздаган. Аталган компаниянын башчысы Мистер Ким менен байланышканымда, ал биздин көйгөй менен таанышып, баардык материалдар даяр экенин айткан. Анткен менен жогорудагы сумманы табуу бизге кыйын. Андан тышкары айылдарды кыдырып, мектеп окуучуларына спектакль, жомокторду тартуулоо үчүн жана аймактарга гастролдоого автобустарыбыз да эскирди. Заманбап унаалар менен камсыз болсок деген пландарыбыз да бар.

“Тарыхый окуяларды чагылдырууда кылдаттык керек”

-Чоң-чоң, салмактуу маданий иштерге катышуу үчүн бир ай мурун даярданабыз. Мында сценарий өтө кооптуу нерсе. Анткени тарыхый окуяларды чагылдырууда ар бир сөзгө кылдаттык талап кылынат. Мисалы Белек ата сыяктуу тарыхый инсандын ролун аткарууда санжырачылардан тартып ар бир сөзүн көзөмөлдөп, сценарийин түзүп беришет. Жакында Тоң районунда Алыбек атанын эстелигинин ачылышы, Ак-Сууда Мамбет Мамакеев атабыздын 90 жыдыгы өткөнү турат. Мындай иш-чараларга билинбегени менен биздин театрдын чоң салымы чоң. Андыктан, учурда даярдыктар башталды. “Өнөр баккан инсандар аз маянага шүгүр кылышат”

-Эмгек маянага токтолсок бул маданий көйгөй. Өзгөчө театр кызматкерлери аз айлык алышат. Жогорку наамы барлардын алды 12 000 сом алышса, эң аз маяна 2700 сом, орточо эмгек акы 5500 сом. Өнөр баккан инсандар канча айлык албасын, ага шүгүр кылып, чын дилинен кызмат кылат. Ошондуктан, сөзүмдүн аягында кыргыз элине биримдик, ынтымак каалайм. Ынтымак бар жерде ырыс бар. Кайсы тармак болбосун ынтымагыбызды бекемдесек, өлкөбүз оңолот. Ар бирибиз атуулдук парзыбызды так аткарсак Кыргызстандын мындан ары да өсүп-өнүгүүсүндө шек жок.

Маалымат: К.Жантөшов атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры алдыңкы театр катары коомчулукка маалым. Классикалык чыгармаларды сахналаштырууда, артисттер менен драматургдардын устаттыктарын такшалтууда, кыргыз театр искусствосун өнүктүрүүдө ийгиликтерге жетишип, уникалдуу маданий борборго айланып, театр сүйүүчүлөрдүн рухий жактан өнүгүүсүнө кызмат кылып келүүдө. Бул театр 1983-жылы 3-ноябрда облустун эмгекчилеринин күчү менен мрамор таштан курулуп, Республикадагы эң жаш театр болуп өз көшөгөсүн ачкан. Театрдын башкы режиссеру-Б.Ибраев, башкы сүрөтчүсү И.Капитанов жана директору Ш.Шаршеев болгон. 1985-жылы 17-февралда театрга Кыргыз Эл жазуучусу драматург жана театр ишмери Касымалы Жантөшовдун ысымы берилген. 2001-жылы 12-ноябрда театр өкмөттүн чечими менен К.Жантөшов атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык - драма театры деген статуска ээ болгон. Театр-Кыргыз ССРинин, КРнын грамоталары жана “Манас 1000” юбилейлик медалдары, маданият министирликтин “Жылдын мыкты театры” грамоталарына татыган. Артисттер: О.Кожомкулова, К.Акматова, Г.Нургазиевалар “Б.Кыдыкеева”, “Д.Күйүкова” атындагы сыйлыктын ээси болушту. 2007-жылы театрдын директору М.Алышпаев театрдын өнүгүүсүнө чоң салымын кошкондугу үчүн “КРнын Эл артисти” наамы менен сыйланган. 2008-жылы Каракол шаарында Ч.Айтматовдун 80 жылдык юбилейине арналган театралдык фестивалда артист А.Шатенов Ч.Айтматовдун “Каркыранын көз жашы” спектаклинде Сенгирбайдын образы үчүн-“С.Жумадылов” атындагы сыйлыкка ээ болгон. 2009-жылы Жалал-Абад шаарында М.Рыскуловдун 100 жылдыгына арналган театралдык фестивалда М. Де Гельдероддун “Эскориал” спектакли менен катышып артист Т.Касымалиев – “М.Рыскуловдун” сыйлыгына, режиссер-коюучу Ж.Осмонов-“Ж.Абдыкадыров” сыйлыгына ээ болушкан. 2009-жылы декабрда театрдын 25 жылдык юбилейинде артисттер Д.Нургазиев-“Т.Абдымомунов”, К.Абдрахманов-“С.Жумадылов”, Ш.Супатаева- “Д.Күйүкова” атындагы сыйлыктарын алышкан. КРнын Эл артисттери Д.Сариев, Ш.Дүйшөнкулов, Т.Сатаров, Д.Нургазиев жана КРнын Эмгек сиңирген артисттери Ш.Супатаева, Г.Нургазиева, О.Кожомкулова, А.Кускаков, К. Акматовалар. 2017-жыл, октябрь.