Коом
Курсан Асанов эки айга камакта калды
Элита плюс
Октябрь 13, 2020 г.
Курсан Асанов эки айга камакта калды
© Элита плюс

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карады.

Соттун маалымат кызматы билдиргендей, Башкы прокуратуранын прокурорунун өтүнүчү Биринчи май райондук сотунун чечими менен канааттандырылды.

Курсан Асановго карата эки айлык мөөнөткө, тагыраагы 10-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Эскерте кетсек, дем алыш күндөрү Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Курсан Асанов, Темирлан Султанбеков жана башкалар массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен кармалган.