Коом
Курсан Асанов үй камагына чыгарылды
Элита плюс
Ноябрь 04, 2020 г.
Курсан Асанов үй камагына чыгарылды
© Элита плюс

Курсан Асанов 4-ноябрда үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова тастыктады.

"Курсан Асанов Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды", - деди Токтакунова.

29-октябрда Бишкек шаардык сотунда "массалык баш аламандыкты уюштуруу" беренеси алкагында кармалган Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралды. Ага ылайык, Асановго карата биринчи инстанциядан чыгарылган чечим күчүндө калтырылган.

12-октябрда Биринчи Май райондук соту Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, аны 10-декабрга чейин камакта калтырган.