Курманбек Дыйканбаев эки айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды
Элита плюс
Ноябрь 27, 2020 г.
Курманбек Дыйканбаев эки айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды
© Элита плюс

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев эки айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 24-январына чейин камакта болмокчу. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Курманбек Дыйканбаев октябрь айындагы шайлоо өнөктүгү убагында стратегиялык маанидеги ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып, бир партиянын кызыкчылыгы үчүн 7 миллион сом берүүгө мажбурлаганы айтылган.

Эске салсак, кармалган адам 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Биримдик" партиясы менен катышкан. Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2018-жылдын февраль айында дайындалган.