Саясат
Кубатбек Боронов жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү
Элита плюс
Август 14, 2020 г.
Кубатбек Боронов жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү
© Элита плюс

Премьер-министр Кубатбек Боронов жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. «Ар бир министрлик жана мекеме алдыдагы жылытуу мезгилинин даярдыгына жооптуу. Күтүлүп жаткан суунун деңгээлинин төмөндүгү жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен даярдык иштерин кылдат жүргүзүү шарт. Аба ырайынын суук болушун күтүп, иштерди создукутурбаш керек. Бир айдан кийин бардыгы даяр болсун», - деди Кубатбек Боронов. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштерин каржылоо бекитилген график боюнча жүргүзүлүүдө. «Жүргүзүлүп жаткан иштерди өз учурунда каржылоону камсыз кылуу маанилүү. Каралган 2,9 млрд сомдун жарымы бөлүнгөн. Ошол эле учурда электр энергиясынын жоготууларын талдоонун жоктугуна жана дебитордук карыздын көбөйүшүнө көңүл бургум келет. Бул көрсөткүчтөрдү төмөндөтүү зарыл. Бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимитинен ашпоого тийиш. Электр энергиясын колдонгон ири ишканалар энергиянын кошумча булактан алуу маселени карап чыгышы шарт. Мамлекеттик органдардын ар бир жетекчиси жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери кышка даярдык көрүү маселесине жооптуу», - деди Премьер-министр. Өкмөт башчы түзүлгөн кырдаалда саламаттык сактоо тармагындагы объекттерге өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.