Саясат
Кубатбек Боронов Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Элита плюс
Июль 16, 2020 г.
Кубатбек Боронов Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
© Элита плюс

Премьер-министр Кубатбек Боронов Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү чаралары, вирустун тарашынын алды алуу боюнча өз ара аракеттенүү маселесин талкуулашы.

Мындан тышкары, эки мамлекеттин кызматташуусунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Евразия экономикалык биримдиги алкагындагы кызматташтык боюнча пикир алмашышты.