Коом
Кубанычбек Кантөрөев: «Садыр Жапаров, ысырапчылыкты жоюуу боюнча мыйзам кабыл алып бериңиз»
Элита плюс
Апрель 19, 2021 г.
Кубанычбек Кантөрөев: «Садыр Жапаров, ысырапчылыкты жоюуу боюнча мыйзам кабыл алып бериңиз»
© Элита плюс

Кыргызстанда ысырапкерчиликти токтотуп, ага каршы мыйзам долбоорун кабыл алуу керек. Мындай сунушу менен коомдук ишмер Кубанычбек Кантөрөев президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Төмөндө кайрылууну өзгөртпөй беребиз:

«Урматтуу президент!

Урматтуу Садыр Нуркожоевич,

Мына элдер сизге эки чылбыр бир тизгинди бердик. Мамлекеттеги эмне болуп жатса да жоопкерчилик сизде. Ошондуктан бизде азыр кандай проблема бар? Бизде №1 проблема азыр бул биздин элибиздеги ысырапкерчиликти каада - салт деп жатып өтө ашырып жибердик. Уйлонүү той өлүм житим да өтө ысырапкерчилик менен өтүп жатат. Бул биздин элибиздин экономикасын сазга тыгып жатат. Ал эми элибиздин экономикасы деген мамлекетибиздин экономикасы. Ушуну биринчи сиз өзүңүз колго алыңыз. Ушул ысырапкерчиликти жоюууга биздин эл 99% даяр. Бирок өлүм житим болгондо курулай намысты токтото албай кайра кайра ысырапкерчиликке барууда . Бул көптөгөн жылдардан бери аткарылып келе жатып эле ортодон бузулуп калып жатат. Ошондуктан сизден сураныч мыйзам чыгаруучу депутаттарга тапшырып атайын бир ысырапкерчиликти токтоткон мыйзамды кабыл алып берүүңүздү суранабыз

Демократия демократия менен бирок ушул мыйзамды кабыл алып берсеңиз эл туура эле түшүнөт деп ойлойм».

Урматтоо менен Кубанычбек Кантөрөев.