Спорт
Криштиану Роналду менен Лионель Месси оюн алдында кучакташты
Элита плюс
Декабрь 09, 2020 г.
Криштиану Роналду менен Лионель Месси оюн алдында кучакташты
© Элита плюс
Криштиану Роналду менен Лионель Месси оюн алдында кучакташты
© Элита плюс

Бүгүн, 9-декабрь күнү түндө Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы акыркы 6-турдук оюндары өттү. "G" тайпасында каталондук "Барселона" клубу өз үйүндө туриндик "Ювентус" клубун кабыл алып, оюн 0:3 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктады.

Оюн алдында атактуу эки футболчу, тагыраагы Криштиану Роналду менен Лионель Месси бири-бири менен кучакташты. Көпчүлүк футбол сүйүүчүлөрү бул жолугушуу эки футболчунун бири-бирине каршы акыркы беттеши болуп калышы мүмкүн экендигин жазышууда.

Эки футболчу бири-бирине каршы жалпы 36 оюн өткөрдү. Анын 16сында Месси жеңүүчү аталса, 11инде Криштиану Роналду. Калган тогуз беттеш тең чыгуу менен аяктаган. Месси бул оюндарда 22 гол киргизсе Роналду 21 гол киргизген.