Коом
Кошумча орундуктар маселеси чечилүүдө
Элита плюс
Июль 01, 2020 г.
Кошумча орундуктар маселеси чечилүүдө
© Элита плюс

Бул тууралуу 1-июлда Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын айтымында, жалпысынан ал жерде 150 керебет даярдалды, азыр тийиштүү медициналык жабдыктар жана кызматкерлер менен камсыз кылуу маселеси талкууланып жатат. “Керебет гана эмес, ал жерде штативдер, медициналык аппаратура жана медицина кызматкерлери керек. Саламаттык сактоо министрлиги бул багытта иштерди жүргүзүүдө - деди Каратаев.