Коом
Корук кызматкерлерине техникалык жабдуулар берилди
Элита плюс
Август 20, 2020 г.
Корук кызматкерлерине техникалык жабдуулар берилди
© Элита плюс

Жалал-Абад облусунда мамлекеттик жаратылыш коруктарынын кызматкерлери техникалык жабдуулар менен камсыз болушту. Егердик күндөлүк, кызматтык кийим, байланыш үчүн атайын каражаттар тапшырылды. Андан сырткары дүрбү, компьютер жана GPS аппараттары да бар. Жалпы баасы 6 миллион сомдон ашкан техникалык жабдуулар Беш-Арал, Сары-Челек, Падыша-Ата, Саймалуу-Таш жана Дашман жаратылыш коруктарынын кызматкерине берилди.