Коом
Коррупциялык кылмыштардан мамлекетке 2 миллиард сомдон ашык каражат өндүрүлдү
Элита плюс
Декабрь 10, 2020 г.
Коррупциялык кылмыштардан мамлекетке 2 миллиард сомдон ашык каражат өндүрүлдү
© Элита плюс

2020-жылдын 10 айында укук коргоо органдары тарабынан 2 миң 262 кызматтык жана коррупциялык кылмыштар катталып, алардын ичинен 319 кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда 1 миң 500дөн ашуун аталган категорияда жазык иштери тергелүүдө. Кызматтык жана коррупциялык кылмыштардан 5 миллиард 886 миллион 500 миң 465 сомдук зыян аныкталып, аяктаган жана тергелип жаткан кылмыш иштери боюнча 2 миллиард 223 миллион 801 миң 283 сом өндүрүлгөн", - деп жазылат маалыматта.