Медицина
Коронавирустун жаңы түрү вакцинага туруштук береби же жокпу азырынча тактала элек
Элита плюс
Декабрь 22, 2020 г.
Коронавирустун жаңы түрү вакцинага туруштук береби же жокпу азырынча тактала элек
© Элита плюс

Саламаттыкты сактоо министрлигин өкүлү Айнура Акматова коронавирустун жаңы түрү боюнча маалымат берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-декабрда брифингде билдирди.

"Маалымат каржаттарында жазылгандай, коронавирустун жаңы түрү пайда болду деп Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму белгилеп кетти. Бул илдеттин жаңы түрү Улуу Британияда сентябрь айында пайда болгон. Аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, жаңы түрү мурдагыга караганда батыраак тарап 70 пайызга жугуштуу экенин айтышты. Вакцинага туруштук береби же жокпу азырынча тактала элек", - деди ал.