Коом
Коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча санитардык ченемдерди сактабагандыгы үчүн 900 миң сомдон ашык айып пул салынды
Элита плюс
Май 25, 2020 г.
Коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча санитардык ченемдерди сактабагандыгы үчүн 900 миң сомдон ашык айып пул салынды
© Элита плюс

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча санитардык ченемдерди сактабагандыгы үчүн 900 миң сомдон ашык суммага айып салынды.

2020-жылдын 1-майынан 22-майына чейин республиканын оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун кызматкерлери коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуунун алкагында, ӨК жана ӨА режими алынгандан кийин ишмердүүлүгүн жанданткан объекттерди текшерип чыгышты.

Республика боюнча жалпы 6891 объект текшерилди:
Бишкек – 768;
Ош облусу – 2706;
Баткен облусу – 590;
Жалал-Абад облусу – 543;
Талас облусу – 180;
Ысык-Көл облусу – 1385;
Чүй облусу – 428;
Нарын облусу – 245.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча түзүлдү:
2710 жазма эскертүү;
707 протокол;
9 эскертүү.

Коопсуздук чараларын бузгандыгы үчүн 680 объекттин ээлерине жалпы суммасы 977 миң сомго айыптар салынды. 15 материал баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.