Медицина
Коронавирустун экинчи толкунуна даярдыктарды жакшыртуу үчүн план иштелип чыкты
Элита плюс
Декабрь 08, 2020 г.
Коронавирустун экинчи толкунуна даярдыктарды жакшыртуу үчүн план иштелип чыкты
© Элита плюс

Күз-кыш айларындагы коронавирустун экинчи толкунуна даярдыктарды жакшыртуу үчүн план иштелип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Кошумча стационарлар уюштурулган;

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тажрыйбасы жана кеңешинин негизинде, бейтаптарды дарылоо боюнча клиникалык протокол кайрадан каралып чыккан, учурда клиникалык протоколдун 5 варианты каралууда;

Дары-дармектер, ИВЛ аппараттары, кычкылтек концентратору, жеке коргонуу каражаттары, дезинфекциялоо каражаттары, антисептиктер сатылып алынган жана запасы даярдалган;

9 стационарда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү жана коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу жана аларга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн 3 жаңы стационар курулду.