Медицина
Коронавирустун белгилери
Элита плюс
Октябрь 23, 2020 г.
Коронавирустун белгилери
© Элита плюс

Коронавирустун белгилери жана алар пайда болгон убакта кайда кайрылуу керек? Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19 вирусунун кеңири тараган белгилери:
• чыйрыгуу;
• кургак жөтөл;
• чарчоо.
Айрым бейтаптарда байкалган, кез-кезде пайда болгон белгилер:
• жыт же даам сезбөө;
• мурундун бүтүшү;
• конъюктивит (же көздөрдүн кызарышы);
• тамак оору;
• баш оору;
• булчуңдардын жана муундардын оорушу;
• териде ар кандай бүдүрлөрдүн пайда болушу;
• көңүл айлануу же кусуу;
• ич өтүү;
• чыйрыгуу же баш айлануу.

COVID-19 вирусунун оор формасын төмөнкү белгилерден билүүгө болот:
• дем алуунун жетишсиздиги;
• табиттин жоголушу;
• аң-сезимдин баш аламандыгы;
• көкүрөктүн катуу оорушу же кысылуусу;
• дене табынын көтөрүлүшү (38°C жогору).

Аталган белгилердин бири пайда болгон учурда:
өзүңүздү изоляциялоого алыңыз;
өз алдынча дарыланбаңыз;
жашаган жериңиздеги Үй-бүлөлүк медицина бөлүмүнө чалыңыз, ошондой эле төмөнкү телефондорго байланышыңыз:
118 - 08:00дөн кечки 20:00гө;
112 (күнү-түнү);
103 - тез медициналык жардам борбору;
1833 - маалымдама кызмат.