Медицина
Коронавирусту дарылоо менен байланышкан госпиталдаштыруулар үчүн акы төлөөнүн өлчөмү
Элита плюс
Июнь 16, 2020 г.
Коронавирусту дарылоо менен байланышкан госпиталдаштыруулар үчүн акы төлөөнүн өлчөмү
© Элита плюс

Симптомсуз форма - 3030,12 сом
Оорусу жеңил даражадагы бейтаптар үчүн – 3500,63 сом
Орто даражадагылар үчүн – 10817,78 сом
Оорусу оор даражадагы бейтаптар үчүн – акы төлөө суммасы 70427,31 сом
Өтө оор даражадагылар үчүн – 132 837,09 сом
Мындан тышкары, контактта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү менен байланышкан учурлар үчүн ооруканаларга акы төлөө 1742 сом каралган.

ММК фонду тарабынан КР Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте COVID-19 илдети менен ооругандарды дарылоо жана контактта болгондорго байкоо жүргүзүү менен байланышкан дарыланып чыккан учурлар үчүн акы төлөө өлчөмдөрүн кайра эсептеп чыкты.

Иштелип чыккан акы төлөө механизми коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптардын илдетинин канчалык деңгээлде оор экендигин (жеңил, орто, оор жана өтө оор) жана контактта болгон адамдардын обсерваторлордо болгон күндөрүнүн узактыгын эске алуу менен эсептелди.

Эгерде мурда дарылоонун наркы ыкчам маалыматтарга жана ДССУнун сунуштарына ылайык эсептелген болсо, акы төлөөнүн өлчөмү лабораториялык ПЦР изилдөөгө кеткен чыгымдарсыз эсептелип, жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жана эмгек акыга кеткен чыгымдар киргизилген жок.

:exclamation:COVID-19 диагнозу тастыкталган бардык оорулууларды дарылоо, ошондой эле контактта болгондорго байкоо жүргүзүү социалдык статусуна жана жарандыгына карабастан толугу менен акысыз.

Айта кетчү нерсе, COVID-19 илдети менен ооруган бейтаптар үчүн акы төлөө ММК фонду тарабынан, саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетинен тышкары кошумча төлөнөт.