Дүйнөдө
Коронавирус жазында жана күзүндө коопту
Элита плюс
Сентябрь 01, 2020 г.
Коронавирус жазында жана күзүндө коопту
© Элита плюс

АКШнын Канзас штатындагы университеттин окумуштуулары вирустун жашап кетүүcү жазында жана күзүндө жогору болорун изилдешти. Окумуштуулар коронавирус инфекциясы жылдын ар кайсы мезгилинде кандайча жашап кете аларын аныктаганга аракет кылышкан.
Изилдөөгө ылайык, окумуштуулар жазында жана күзүндө коронавирустун бөлүкчөлөрү түрдүү заттын үстүндө орточо эсеп менен 17 сааттан 30 саатка чейин жашай аларын, ал эми жайкысын эки сааттан беш саатка чейин тирүү болорун билишкен. Буга байланыштуу адистер алдыдагы сезондо жеке гигиенага өтө жоопкерчиликтүү болуп, буюм-тайымдардын үстүн дезинфекциялап турууга чакырган. Алар санитардык эрежелердин так сакталышы - оорунун жайылышын алдын алат деп белгилешкен.