Дүйнөдө
Коронавирус: Сауд Аравияга бийлиги меккеге быйыл зыярат кылууну токтотту
Элита плюс
Июнь 23, 2020 г.
Коронавирус: Сауд Аравияга бийлиги меккеге быйыл зыярат кылууну токтотту
© Элита плюс

Быйыл Сауд Аравия бийлиги пандемияга байланыштуу Мекке жана Медина шаарларына ажылык сапарга келген чет элдик жарандарды кабыл албайт. Бул туурасындачет элдик басылмалар жазып чыкты.  Жаңы эрежелерге ылайык, бул жылы Сауд Аравияда жашаган гана мусулмандар зыярат кыла алышат. "Илдеттин кооптуулугунан улам көп адамдын чогулушуна жол берилбейт. Быйылкы ажылыкка чектөө киргизилип, өлкө аймагында жүргөн гана ар улуттагы адамдар катыша алат. Ооруну жуктургандар көп катталып жаткандыктан Меккедеги ыйык Кааба ташы жайгашган жер дагы деле жабык турат", — деп жазылган маалыматта. Сауд Аравиясында 161 миңден ашуун адам COVID-19га кабылып, араб өлкөлөрүнүн ичинен биринчи оорунда. Оорунун кесепетинен 1307 адам каза болуп, 105 миң киши айыгып чыкты. Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга 6110 адам бармак. Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын  Дин Башкармалыгынын маалымат кызматы "Элита Плюс" сайтына азырынча бул боюнча расмий маалымат келе электигин билдиришти.