Дүйнөдө
Коронавирус: Окумуштуулардын пикири
Элита плюс
Август 04, 2020 г.
Коронавирус: Окумуштуулардын пикири
© Элита плюс

Сан-Франциско университетинин окумуштуулары коронавирус жукканда адамдын организми инфекция менен күрөшүүгө тоскоол болгон күчтүү иммундук реакцияны жаратарын аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыгын “MedicalXpress” порталы жарыялады. Ага ылайык адам организми вирусту жуктуруп алгандан кийин, бир нече секунд ичинде дароо чара көрүп, вируска чабуул жасап андан арыла баштайт. Бирок организмдин ашыкча күрөшкөнү иммунитетти алсыратып, кесепеттүү натыйжага алып келет. Вирустун дем алуу органдары аркылуу клеткага кириши оңой. Коронавирус организмге кирген учурдагы реакциясы грипптин инфекциясы организмге түшкөн учурдагы реакциясынан кескин айырмаланат. Окумуштуулар коронавирус дем алуу органдарын гана эмес, башка органдарды да жабыркатышы мүмкүн экенин белгилешти. Мында анын “таажы” аталышына себеп болгон белок кыртыштары жардам берет.