Коом
Коронавирус инфекциясынан каза болгон медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө компенсация төлөндү
Элита плюс
Ноябрь 17, 2020 г.
Коронавирус инфекциясынан каза болгон медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө компенсация төлөндү
© Элита плюс

Өлкөдө коронавирус инфекциясынан жабыркаган медицина кызматкерлеринин ичинен 500дөн ашыгына компенсация төлөндү. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

"Азыркы күндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясынын отурумунун жыйынтыгында 200 миң сом өлчөмүндөгү компенсация - 479 медицина кызматкерине төлөнүп берилди. Ал эми илдеттен каза болгондордун ичинен 29 медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом өлчөмүндөгү компенсация төлөнүп берилди", - деди министр.