Коом
Коронавирус дагы 98 адамдан табылып, бир бейтап каза болду
Элита плюс
Март 31, 2021 г.
Коронавирус  дагы 98 адамдан табылып, бир бейтап каза болду
© Элита плюс

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 98 адамдан табылды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 48, Ошто - 1, Чүй облусунда – 36, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 1 кишиден вирус табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 86 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бишкекте – 44, Ошто - 2, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда - 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 13.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир киши каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 503 бейтап, амбулатордук түрдө 616 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 246 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 197 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 374 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 809 киши айыгып чыкса, 1 миң 499 адам каза болду.