Коом
Коронавирус дагы 70 адамдан табылып, бир бейтап каза болду
Элита плюс
Февраль 18, 2021 г.
Коронавирус дагы  70 адамдан табылып, бир бейтап каза болду
© Элита плюс

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 70 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус Бишкекте – 26, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 3 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 73 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте 34, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 22, Ысык-Көл облусунда – 9, Нарын облусунда – 4, Жалал - Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 1 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте – 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 418 бейтап, амбулатордук түрдө 360 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 4 учур катталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 201 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 132 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 689 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 525 киши айыгып чыкса, 1 миң 447 адам каза болду.