Коом
Коронавирус дагы 54 адамдан табылып, 57си айыкты
Элита плюс
Март 04, 2021 г.
Коронавирус дагы 54 адамдан табылып, 57си айыкты
© Элита плюс

Кыргызстан  бир суткада коронавирус 54 адамдан табылып, 57си айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 26, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 5, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 кишиден коронавирус табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 57 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте коронавирустан – 27, Ош облусунда – 2, Чүй облусунда – 15, Ош шаарында - 2, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 киши айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 368 бейтап, амбулатордук түрдө 258 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми бир сутка ичинде үй карантининен 4 медик айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 205 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 190 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 410 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 375 киши айыгып чыкса, 1 миң 468 адам каза болду.