Коом
Коронавирус дагы 48 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду
Элита плюс
Февраль 16, 2021 г.
Коронавирус  дагы 48 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду
© Элита плюс

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 48 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус Бишкекте – 17, Ош облусунда – 2, Чүй облусунда – 12, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 85 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте 31, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 20, Ош облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда – 17, Талас облусунда – 3, Жалал - Абад облусунда – 1, Нарын облусунда – 3, Баткен облусунда – 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Чүй облусунда – 1, Бишкекте – 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 420 бейтап, амбулатордук түрдө 372 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 196 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 121 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 564 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 391 киши айыгып чыкса, 1 миң 444 адам каза болду.