Коом
Коронавирус дагы 41 адамдан табылып, 1 бейтап каза болду
Элита плюс
Февраль 15, 2021 г.
Коронавирус дагы 41 адамдан табылып, 1 бейтап каза болду
© Элита плюс

Кыргызстанда  бир суткада коронавирус 41 адамдан табылып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус Бишкекте – 15, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 18, Нарын облусунда – 5 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 53 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте 23, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал - Абад облусунда – 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Чүй облусунда - 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 444 бейтап, амбулатордук түрдө 387 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 196 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 118 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 516 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 306 киши айыгып чыкса, 1 миң 442 адам каза болду.