Коронавирус дагы 222 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду
Элита плюс
Апрель 08, 2021 г.
Коронавирус дагы 222 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду
© Элита плюс

 Кыргызстанда 7-апрелге карата коронавирус дагы 222 адамдан жаңы табылды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайы, Бишкекте – 183, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 4, Абкен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 111 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 69, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 33, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 3 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 3, Чүйдө бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 712 бейтап, амбулатордук түрдө 870 адам дарыланууда. 528 бейтаптын абалы орто оордукта, 158 адамдын абалы оор жана 24 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан 4, үй карантининен эки медкызматкери айыгып чыккан. Пандемия башталгандан бери 4 миң 294 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 221 медкызматкер айыгып чыкты”, - дейт ал.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 89 миң 660 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 607 киши айыгып чыкса, 1 миң 516 адам каза болду.