Коом
Коронавирус: Ооруканаларда 2 миңден ашык бейтап дарыланууда
Элита плюс
Октябрь 01, 2020 г.
Коронавирус: Ооруканаларда 2 миңден ашык бейтап дарыланууда
© Элита плюс

Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 338 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, өлкө ооруканаларында 871 адам, үй шартында 1 миң 467 бейтап дарыланып жатат.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 172 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 46 миң 841ди түзөт. Алардын ичинен 42 миң 983 киши айыгып чыкты, 1 миң 65 адам каза болду.