Спорт
Конор Макгрегор UFC'ге расмий түрдө кайтып келгенин жарыялады
Элита плюс
Ноябрь 21, 2020 г.
Конор Макгрегор UFC'ге расмий түрдө кайтып келгенин жарыялады
© Элита плюс

Ирландиянын аралаш мушташ боюнча чебери Конор Макгрегор UFC'ге расмий түрдө кайтып келгенин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыкты.

UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону ирландиялык мушкер карьерасына үчүнчү ирет кайтып келди. Ал 32 жаштагы америкалык мушкер Дастин Порье менен түзүлгөн келишимдин негизинде мушташат.

Ушул жылдын 11-ноябрда UFC президенти Дана Уайт Дастин Порье мушташ үчүн келишим түзгөнүн айткан. Конор Макгрегордун катышуусундагы мушташ 2021-жылдын 23-январында боло турганы белгиленген.