Коом
Кол топтоодо бир жаран бир эле талапкерди колдой алат
Элита плюс
Ноябрь 28, 2020 г.
Кол топтоодо бир жаран бир эле талапкерди колдой алат
© Элита плюс

Шайлоочулар талапкерлерди колдоп кол коюуга укуктуу, бирок бир жаран бир эле талапкерди колдой алат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай норма президентти жана депутаттарды шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамда камтылган.

"Талапкер БШКга аны колдой турган жарандардын тизмесин тапшырышы керек. Алардын саны кеминде 30 миң жана 60 миңден ашпашы талапка ылайык", - деп билдирет мекеме.

БШК кошумчалагандай, тизме шайлоочу тарабынан өз колу менен, кыскартылбастан толтурулат.

Шайлоочу өз каалоосу боюнча байланыш телефонун көрсөтүүгө укуктуу. Анын кол тамгасынын аныктыгын текшерүү үчүн, жазылуу тизмесин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ шайлоочуну чакырып, маалыматты тактоого укуктуу.

Эгерде жазылуулардын тизмесин текшерүүдө бир эле талапкердин талапкерлигин колдогон бир эле адамдын бир нече колу табылса, анда анын бир гана колу жарактуу деп эсептелет, калганы жараксыз деп табылат.

Президенттикке талапкерди колдогон кол топтоо баракчалары, шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документ менен кошо БШКга 3-декабрга чейин тапшырылышы керек.

БШК талапкерлерди каттайт. Катталгандан кийин эки календардык күндүн ичинде талапкер күбөлүк алат.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.