Аймактар
Кочкордогу мектептин курулуш иштери аяктоодо
Элита плюс
Сентябрь 17, 2020 г.
Кочкордогу мектептин курулуш иштери аяктоодо
© Элита плюс

Нарын облусунун Кочкор районунун Бугучу айылындагы мектептин курулуш иштери 60%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2019-жылы октябрь айында башталган. Объектинин долбоордук кубаттуулугу 150 окуучулук орунга эсептелинген. Ал эми мектептин курулушунун сметалык баасы 690 миң долларды түзөт. Бүгүнкү күндө жер иштери жана кураштыруу пайдубалы, кирпичтерин коюулуп, бетондоо иштери бүткөн. Азыр чатырын жабуу иштери жүрүүдө. Мектептин курулуш иштерин 2020-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.