Коом
Күндүз жаан-чачын болбойт. 30-ноябрга карата аба-ырайы
Элита плюс
Ноябрь 29, 2020 г.
Күндүз жаан-чачын болбойт. 30-ноябрга карата аба-ырайы
© Элита плюс

Эртең, 30-ноябрда күндүз жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору кабарлады. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8;

Талас жергесинде түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…-8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4 …-9, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8;

Бийик тоолордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -11…-16 градус болот.

30-ноябрда Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз -4…-6 градус болору күтүлүүдө.