Дүйнөдө
Күн чыгыш өлкөсүнө саякат Япония Жеринин аянты – 337 835 чарчы чакырым. Элинин саны – 148 783 адам (2019)
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Күн чыгыш өлкөсүнө саякат Япония  Жеринин аянты – 337 835 чарчы чакырым. Элинин саны – 148 783 адам (2019)
© Элита плюс
Күн чыгыш өлкөсүнө саякат Япония  Жеринин аянты – 337 835 чарчы чакырым. Элинин саны – 148 783 адам (2019)
© Элита плюс
Күн чыгыш өлкөсүнө саякат Япония  Жеринин аянты – 337 835 чарчы чакырым. Элинин саны – 148 783 адам (2019)
© Элита плюс
Күн чыгыш өлкөсүнө саякат Япония  Жеринин аянты – 337 835 чарчы чакырым. Элинин саны – 148 783 адам (2019)
© Элита плюс
Күн чыгыш өлкөсүнө саякат Япония  Жеринин аянты – 337 835 чарчы чакырым. Элинин саны – 148 783 адам (2019)
© Элита плюс
Күн чыгыш өлкөсүнө саякат Япония  Жеринин аянты – 337 835 чарчы чакырым. Элинин саны – 148 783 адам (2019)
© Элита плюс

Азиянын чыгышында, Тынч океандын чыгышындагы аралдарда орун алган. Ошондуктан аны илгертен эле күн чыгыш өлкөсү деп аташат, япончо Ниппон дешет. Күн өлкөнүн желегинде орун алган. Ал эми герби – алтын хризантема. Ал - күндүн символу. Мамлекеттин аралдары түндүгүнөн түштүккө карай созулуп жатат. Түндүгүндө, айрыкча Хоккайдо аралында кышында кар калың түшүп, суук келет. Түштүк жагында Рюкю аралыгындагы климат тропиктик. Өлкөдө банан, саго пальмалары өсөт. Климатынын нымдуулугуна карабастан жалпысынан жылуу, аябай күнөстүү аймак. Аралдарынын аянтынын алтыдан беш бөлүгүн жыш токой каптаган, асман тиреген тик тоолор камтыйт. Эң бийик тоосу - өчкөн жанар Фудзияма. Бул тоону япондор ыйык тоо катары эсептешет. Японияда атылып туруучу жанарлуу тоолор, дарылык касиети бар ысык булактар арбын. Жер титирөөлөр көп болуп турат. Калкы дээрлик бүтүндөй деңиз жээгин бойлогон топурактуу, ичке ойдуң тилкесинде жайгашкан. Шалы талаасы, мөмө бактары, чай плантациялары жыл сайын азайып, анын ордун дүркүрөп өсүп жаткан ири шаарлар ээлөөдө. Япония - орто кылымдагы бүлгүндүү чабыштарга дуушар болбогон жана андан кийинки колониялык көз карандылыкка учурабаган Азиядагы жападан жалгыз өлкө. Индустриясы 19-кылымда катуу өсө баштаган. Азыр өндүрүшү дүйнөдө АКШдан кийинки 2-орунда турат. Өлкөдөгү калктын бештен төрт бөлүгү шаарларда жашашат. Жээк бойлой тизилген кеме токтоочу жайларга, заводдорго толгон шаарчалар биринин артынан бири жыйылат. Алардын чет жакаларында сууга чөмүлгөн күрүч талаалары жапжашыл болуп көзгө тартылат. Япониядагы айыл жерлеринде, тоолорунда кээде шаарларынан автоунаалар үзгүлтүксүз жүргөн жолдорунан эки кадам аралыкта эски будда храмдарын, чакан жана тыкан пландалган көлмөлөрдү, таштан жасалган шам чырактар орнотулган сейил бактарды, княздардын сепилдерин, үстү самандан жабылган дыйкандардын шуштугуй үйлөрүн дагы деле көрүүгө болот. Япондордун турмуш-тиричилигинде европалыктардан өтө айырмаланган нечендеген өзгөчөлүктөрү бар. Япониялыктардын үйлөрүндө эмеректер аз, полуна күрүчтөн алынган самандан жасалган бойро төшөлөт. Бут кийимдерин босогого чечишип, бойронун үстүндө байпакчан жүрүшөт. Тамакты жерге отуруп ичишет. Төшөктөрүн полго салып укташат, ошондуктан полду дайыма таза кармашат. Япон искусствосу – живопись. Куурчак театры да өзүнчө бөтөнчөлүккө ээ. Япондуктар гүлдөн букет жасоого чебер келишет. Спортунун кээ бир түрү дүйнөгө белгилүү, мисалы, дзюдо. Пайдалуу кендерге, жаратылыш ресурстарына жардыраак, ошол себептен чарбасы тышкы соодадан абдан көз каранды. Япония башка өлкөлөргө унаа, аппаратура, кездеме жана башка ушул сыяктуу өнөр жай товарларын чыгарат. Ал эми сырттан жыгач, дан жана башка сырьёлорду алат.

Токио шаары – Япония өлкөсүнүн борбору. Хонсю аралынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Канто түздүгүндө, Тынч океандын Токио булуңунун жээгинде орун алган. Шаарды аралап Тама, Сумида жана Аракава дарыялары агып өтөт. Түндүгү менен батышын тоо ээлейт. Климаты субтропиктик, муссондук. Январдын орточо температурасы 6,1 градус С, июлдуку 25,8 градус С. Жылдык жаан-чачын 1300 мм. Ири жол тоому – деңиз порту. Жылына 90 млн тонна жүк ташыйт. Ханеда жана Нарита эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Токио - Лондон жана Нью-Йорк менен теңтайлаша соода-каржы борбору. Илим менен техника жана жогорку технологиялуу өндүрүштөрү өнүккөн. Машина куруу, металл иштетүү, полиграфия, тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Туризм өнүккөн. Тарыхы Токио шаарынын тарыхы 400 жылдан ашуун убакытты ичине камтыйт. Шаар алгач Эдо (Куймага кирүү) деп аталган. Бул жерде 1603-жылы Токугава Иеясу Токугава сёгунатын (1603-1867-жж.) түзгөн. Ошондон тартып шаар дүркүрөп өнүккөн. Киото шаары мурда Япониянын борбору эле, 1868-жылы император Эдого көчүп келет да, шаардын атын Токио (чыгыш борбору) деп өзгөртөт. Ошентип, ал Япониянын борбору болуп калат. Мейдзинин тушунда (1868-1912-жж.) батыш цивилизациясынын таасири менен шаардагы эски үйлөрдүн ордуна кирпичтен имараттар тургузулган. 1962-жылы биринчи теле байланыш орнотулуп, 1972-жылы алгачкы буу паровозу ишке кирген. 1923-жылы Кантодо болгон зилзала шаар үчүн көптөгөн жоготууларды алып келген, расмий маалыматтарда “140 000 адам дайынсыз жоголду же каза болду, 300 000 үй кыйроого учурады” деп жазылган. Шаарды кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп, 1927-жылы биринчи метро линиясы салынган, ал эми 1931-жылы дүйнөгө таанымал Ханеда аэропорту жүргүнчүлөрдү тейлей баштаган. 1935-жылы Токионун тургундарынын саны 6,36 миллионго жетип Лондон менен Нью-Йорктун элинин санына теңелген. 1941-жылы башталган согуш шаардын өнүгүшүнө оор залакасын тийгизген. 1943-жылы чоң мегаполис түзүү максатында Токио префектурасы менен Токио-ши шаары бириктирилип, губернатор шайланган. 1947-жылы Япониянын жаңы Конституциясы кабыл алынган. Ага ылайык, Токио шаары 23 районго бөлүнгөн. 1960-жылдары шаардын экономикасы атайын техника чыгаруу менен катуу өнүккөн. 1964-жылы Токиодо кезектеги олимпиадалык оюндар өткөрүлгөн. Географиясы Токио Япония архипелагынын ортосунан орун алган Канто түштүк аймагында жайгашкан. Шаар чыгышынан Эдогава суусу жана Чиба префектурасы, батышынан тоолор жана Яманаши префектурасы, түндүгүнөн Сайтама префектурасы, түштүгүнөн Тамагава суусу жана Канагава префектурасы менен чектешет. Изу, Огасавара аралдары шаардан окчун турса да Токионун администрациялык- аймактык бөлүгү катары саналат. Дини Шаардыктардын тутунган диндери – синтоизм (айтмакчы, синтоизм дини 1945-жылга чейин мамлекеттик дин деп саналган) жана буддизм, андан тышкары христиан динине ишенүүчүлөр да бар. Азыркы мезгилде Япония мамлекети тарабынан атайын кабыл алынган дин жок. Бирок жогоруда аталган диндер жапондордун каада-салттарынын калыптанышына бир топ эле таасирин тийгизген. Үйлөнүү үлпөтү синтоисттик салтта өтсө, сөөктү көмүү зыйнатында буддисттик шарттар сакталат. Калктын эки пайызы христиан динин тутат. Ошондуктан шаардан ар кайсы багыттагы сыйынуучу жайларды кезиктирүүгө болот. Экономикасы Шаардын өнөр жайынын негизин автоунаа куруу, самолёт куруу, темир жана жыгач иштетүү, электроника, электротехника, полиграфия, химия жана тамак-аш тармактары түзөт. Райондору Шаардын негизги көчөсү – Гинза көчөсү. Бул жерде эң кымбат ресторандар, дүкөндөр, мейманканалар жайгашкан. Синдзюку району бийик-бийик имараттары, сайрандоо жайлары менен таанымал болсо, Акихабара электроника жана компьютердик оюндар борбору катары каралат. Асакусанын эски көчөлөрү дүкөндөргө, сувенир саткан жайларга жана сайрандоо борборлоруна толгондуктан күнү-түнү эл аягы суюлбайт. Дал ушул жерден жергиликтүү жапон матрёшкаларын табууга болот. Токио “Диснейленди” да бүйүр кызытпай койбойт. Токио шаары тууралуу кызыктуу фактылар: • Токио Япониянын борбору болуп 1968-жылы калыптанган. Шаардын мурдагы аталышы Эдо болгон. Ал “булуң” дегенди түшүндүрөт. Ал эми Токиону сөзмө-сөз которгондо “күн чыгыш борбору” деп түшүндүрүлөт. Токио сөзү япон тилинде болгону эки иероглиф менен жазылат. • Билесиңерби, Токио метрополитени жылына 3,2 миллиард адамды ташыйт. Адам ушунчалык көп болгондуктан метролордо “осия” деген кызмат бар. Мында вагонго толуп кеткен адамдарды түртүп тыгуу үчүн атайын адамдар иштейт. • Токиодогу “Уэно” зоопаркы - Япониядагы эң эски зоопарктардын бири. Ал жерде 2600дөн ашык жаныбарлар бар. Жаныбарларды адамдардан эс алдыруу үчүн жылына зоопаркты 2 айга жабышат. • Жыл сайын Токиодо ар кандай кубаттыкта 150дөй жер титирөө болот. Шаардын тарыхында эң күчтүү жер титирөө 1923-жылы болгон. Аны Канто жер титирөөсү деп аташып, силкинүүнүн күчү Рихтер шкаласы боюнча 8,3 баллга жетип, 142 миң адамдын өмүрүн алган. • Токиодо адамдар көп болгондуктан шаардагы температура дайыма орточо 10 градуска ысык. • Дүйнөдөгү эң кымбат ресторан Токиодо жайгашкан. Ресторандын аталышы - “Арагава”. Акак АСАНОВА