Аймактар
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов Тогуз-Торо районуна иш сапары менен барды
Элита плюс
Июнь 24, 2020 г.
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов Тогуз-Торо районуна иш сапары менен барды
© Элита плюс

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов Тогуз-Торо районуна иш сапары менен барды. Ал чечилүүнү талап кылган, көйгөйлүү маселелер менен жеринен таанышуу үчүн барган. Элет элинин бир катар көйгөйлөрү болгон таза суу, билим берүү мекемелеринин абалы, ооруканаларда даярдалган обсервация бөлмөлөрүнүн шарттары жана Жалал-Абад-Балыкчы түндүк-түштүк альтернативдүү жолдун иш ыргагы менен таанышты. Райондун айылдарында таза суу маселеси курч бойдон калууда. Бул кезге чейин таза суу долбоору башталып, бирок белгисиз себептерден улам токтотулуп, ишке берүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылган. Облус жетекчиси менен кошо тиешелүү жетекчилер дагы барышкан. Аларга тапшырма берип, тез арада чечүүгө аракеттердин көрүлүшүн талап кылды. Мындан сырткары мектептердеги оңдоп-түзөө жумуштарынын жүрүшүндө бир катар кемчиликтер кетирилгенине күбө болгон өкмөттүн облустагы өкүлү, жергиликтүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, талап күчөй турганын эскертти. Аталган райондогу даярдалган обсервациялардын абалы талапка жооп бербегендиги Мирзахмедовдун сынына кабылды. Ошондой эле илдеттин жайылышына жол бербөө, обсервациялардын шарттарын жакшыртуу, элге түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүү жана коргонуучу каражаттарды колдонуу тапшырмасы жергиликтүү бийликке берилди.