Саясат
Өкмөттүн аппаратынын экс-орун басары Бакытбек Калмуратов УКМКнын тергөө абагына киргизилди
Элита плюс
Октябрь 22, 2020 г.
Өкмөттүн аппаратынын экс-орун басары Бакытбек Калмуратов УКМКнын тергөө абагына киргизилди
© Элита плюс

Өкмөттүн аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары Бакытбек Калмуратов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына киргизилди. 

Маалыматка ылайык, аны менен катар Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын экс-орун басары Эмил Жамгырчиев да тергөөдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, экөө тең тергөөчүнүн тергөө буйругунун алкагында УКМКга жеткирилген. Бакытбек Калмуратов менен Эмил Жамгырчиев контрабандага шектелүүдө.