Коом
Өкмөткө фонд тарабынан 560 даана кычкылтек концентраторун өткөрүп берилди
Элита плюс
Июль 30, 2020 г.
"Ас-Салам" кайрымдуулук фонду өкмөткө 560 даана кычкылтек концентраторун өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен Нурмухаммед Миңбаев жетектеген "Ас-Салам" фонду Кыргызстанга кычкылтек концентраторун алып келди.
"Кычкылтек концентраторлору толугу менен өкмөткө өткөрүлүп берилди. Аларды өкмөт облустардагы жана аймактардагы ооруканаларга жеткирет. Учурдан пайдаланып "Ас-Салам" коомдук фонду КРнын Кувейттеги элчилигине ар тараптан көмөк көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет", - деп айтылат маалыматта.