Саясат
Өкмөт аппаратынын кеңешмеси өттү
Элита плюс
Октябрь 10, 2020 г.
Өкмөт аппаратынын кеңешмеси өттү
© Элита плюс

Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министрдин милдетин аткаруучу Таалайбек Темиралиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тийиштүү актуалдуу маселелердин топтому талкууланды.

Анын ичинде өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын көбөйүшүнө байланыштуу эпидемиологиялык абал, эмгек акыларды жана социалдык төлөмдөрдү каржылоо маселелери талкууга алынды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты өз ишин кадимки режимде улантууда. Бишкек шаарындагы учурдагы коомдук-саясий абалды эске алуу менен кызматкерлердин бир бөлүгү аралыктан иштеп жатат