Коом
"КМШнын мыкты студенти - 2020" наамы 24 кыргызстандыкка буйруду
Элита плюс
Ноябрь 18, 2020 г.
"КМШнын мыкты студенти - 2020" наамы 24 кыргызстандыкка буйруду
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде "КМШнын мыкты студенти - 2020" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү министрлигинин башчысы Алмазбек Бейшеналиев жеңүүчүлөрдү куттуктады.

«Долбоордун максаты - жаш илимпоздордун маанилүү инновациялык долбоорлорун аныктоо, ошондой эле илимий-изилдөө иштеринде, чыгармачылыкта, студенттердин өзүн-өзү башкаруусунда, спортто өзүн жигердүү көрсөткөн жана илим менен билимди өнүктүрүүнүн, студенттердин кызматташтыгын калыптандыруу үчүн бирдиктүү аянтчаны түзгөн КМШ өлкөлөрүнүн бардык жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерин кызыктыруу жана башын бириктирүү”, - деп билдирди министрлик.

Белгиленгендей, сынакка катышуу үчүн КМШ өлкөлөрүнөн 600 билдирме келип түшкөн, алардын 70и Кыргызстандан.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 24 кыргыз жараны сыйлык алышты.

Белгилей кетсек, "Бобек" Улуттук Кыймылы Ассоциациясы" жана КМШ Жаш Окумуштуулар Ассоциациясы тарабынан уюштурулган "КМШнын мыкты студенти - 2020" эл аралык долбоору март айында башталган.