Коом
ӨКМ: Вирустан каза болгон кызматкерлерин эскерди
Элита плюс
Июль 30, 2020 г.
ӨКМ: Вирустан каза болгон кызматкерлерин эскерди
© Элита плюс

30-июль Кыргызстанда коронавирустан каза болгон мекендештерди эскерүүгө арналган улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде эмгектенген айрым кызматкерлер да бул оору менен күрөшүп, акыры өмүрлөрү менен кош айтышкан. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров жана министрликтин жалпы жамааты каза болгон кызматкерлердин жаркын элесине арнап, эскерүү иш-чарасын өткөрүштү.

«Каза болгон кызматкерлерибиздин үй-бүлөсүнө, ата-энелерине кандай жардам, муктаждык керек болсо, бардык аракетибизди жумшайбыз», -деди министр.