Коом
ӨКМ: Сууга түшүүдө абайлаңыз!
Элита плюс
Август 19, 2020 г.
ӨКМ: Сууга түшүүдө абайлаңыз!
© Элита плюс

Бүгүнкү күнгө чейин сууга байланышкан ар кандай себептер менен 65 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, алардын ичинен 26сы жаш балдар болгон. 2019-жылы ушул мезгилге чейин сууга 129 адам чөгүп кеткен. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл сууга байланышкан кырсыктар азайды.  Ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги суудагы кырсыктарды алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөттү. Ал эми куткаруучулар сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге түшүүгө тыюу салат. Ата-энелерди  жаш балдарды кароосуз калтырбай, өзгөчө көңүл бурууга чакырат. Ошону менен катар чоң адамдарды балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салат. Көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан жана кайыктан сууга секирүүгө болбойт турганын эскертет.