Коом
ӨКМ: Өрт кырсыктары азайды
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
ӨКМ: Өрт кырсыктары азайды
© Элита плюс

8 ай ичинде өрттүн саны 46,2 пайызга азайып, тилсиз жоодон 24 адам куткарылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ӨКМнин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгы маалымдады. Анда айтылгандай, жыл башынан бери республика боюнча 1477 өрт кырсыгы катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 46,2% аз болду. Өрттүн кесепетинен 14 адам каза тапса, 19 адам жабыркаган. Тилсиз жоодон 24 адам куткарылып, 2 млрд. 441 млн. 300 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 913 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 61,8 % түзгөн.