Аймактар
ӨКМ: Ош облусунда жер титиреди
Элита плюс
Октябрь 10, 2020 г.
Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма соз кызматы билдирет.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 10октябрда саат 09:02де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.