Коом
ӨКМ: 3 ай ичинде өрттүн саны 22.4 пайызга азайган
Элита плюс
Апрель 03, 2020 г.
ӨКМ:   3 ай ичинде өрттүн саны 22.4 пайызга азайган
© Элита плюс

2020-жылдын үч ай ичинде республика боюнча 629 өрт кырсыгы катталып (2019-ж. 811) өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 22,4% азайган. Бул тууралуу Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 7 адам каза таап (2019-жылы 20 адам), жана 9 адам жабыркаган (2019-жылы 20 адам - 55%га азайган). Өрттөн 17 адам куткарылган (2019-ж. 26 адам ).

Өрттөрдүн негизги себептери, отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан, электр жабдууларын жана мештерди,морлорду этиятсыздык менен колдонуудан, балдардын от менен ойноосунан келип чыккан.

Болуп өткөн өрттөрдүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (178), Бишкек шаарында (110), Жалал-Абад областында (81), Ош облусунда (85), Ысык-Көл областында (71), Ош шаарында (16). Жалпы 629 өрт кырсыктарынын 64,1 пайызы (403) турак жайларда катталган.