Коом
Клександы 8 миң сомго саткан дарыкана аныкталды
Элита плюс
Июль 21, 2020 г.
Клександы 8 миң сомго саткан дарыкана аныкталды
© Элита плюс

Бишкектеги дарыканалардын биринде клексан дарысын эки эсе кымбат саткандар аныкталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, каржы полициянын кызматкерлери Москва көчөсүндө жайгашкан дарыканадан клексан дарысынын бир таңгагын 8 миң сомго сатып алган. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат. Бишкектеги дарыканалардын биринде финпол кызматкерлери дары соода кылган тасманы жарыялады. Белгилей кетсек, канды суюлтууга жардам берген клександы учурда коронавируска кабылгандар ичип жатат. Ал ооруканаларда болжолдуу түрдө 4 миң сомдон сатылат. Бирок ал  тартыш болгондуктан айрым ооруканалар менен алып саткандар баасын кыйла жогорулатып жатышкан. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы  азыркы кырдаалда дарынын баасын ашыкча көтөрүп жиберген фактылар болсо 1955 ишеним телефонуна чалууну жарандарга эскертет.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=2&v=Vvzc38HerLE&feature=emb_logo