Аймактар
Көк-Мойнок-2 айылындагы ири өрт толук өчүрүлдү
Элита плюс
Март 25, 2023 г.
Көк-Мойнок-2 айылындагы ири өрт толук өчүрүлдү
© Элита плюс
Көк-Мойнок-2 айылындагы ири өрт толук өчүрүлдү
© Элита плюс

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-2 айылында ачык аянтта чыккан ири өрт саат 18:04тө чектөөгө алынып, 21:30да толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоонун кесепетинен 2 сарай жана 1 үйдүн дубалы, болжол менен 50 гектар аянттагы куураган чөп, бадалдар, бак-дарактар күйгөн.

"Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн өрт өчүрүүчүлөрү жана Токой чарба кызматынын кызматкерлери тарабынан нөөмөт уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, 24-мартта аталган айылда ачык аянтта өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, аны өчүрүүгө саат 12:34төн тарта Балыкчы шаардык ӨКБдан жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 28 куткаруучу, 2 авариялык куткаруу унаасы, 1 мотопомпа, Токой чарбасынан 16 кызматкер 2 мотопомпа, “Кыргыз темир жолу” ишканасынан 20 кызматкер, Тоң РИИБден 16 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган.